Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң - Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын
2025-жылдын 20-февралы №4/23
Аукцион өтүүдө кепилдик жана баштапкы бааны бекитип берүү жөнүндө
Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагы боюнча аукцион өтүүдө кепилдик бааны аныктап жана аукциондун баштапкы суммасын бекитип берүү боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 03.02.2025-жылы №2-2.4/35 кайрылуусун угуп жана талкуулап, Миӊ-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукционго койууда кепилдик баа 5000 (беш миӊ) сом аукциондун баштапкы баасы 2000 (эки миӊ) сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага |
| К. Усупов |