Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл №27
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын короо-жай жана багбанчылык-огород жер участокторунун зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун жетекчиликке алып, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторун пайдалаганы үчүн, жер салыгынын айыл чарбасы эмес жерлердин зоналдык коэффициентин бекитүү боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин кайрылуусун карап, талкуулап Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2025-жылдын 1-январынан баштап короо-жай жана багбанчылык-огород жер участокторун пайдаланган үчүн жер салыгынын айыл чарбасы эмес жерлердин зоналдык коэффициенти 2,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев