Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 17-апрели № 13-49
2022-жылдын 12-сентябрындагы “бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин № 01-13/146 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартында № 115 токтомуна ылайык, ошондой эле тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосундагы кайчылаш субсидиялоонун көлөмүн азайтуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана энергияны көп талап кылган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди азыркы деңгээлде сактоо максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2022-жылдын 12-сентябрындагы “бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетикасы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” № 01-13/146 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-таблицанын 5-пунктунун 1-20 кВ графасында “2,3” деген цифраларын “0,8” деген цифрлары менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-главанын 11 жана 12-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Бөлүштүрүүчү ишканалардын 1ден n ге чейинки ар бири үчүн сарптоолорунун толук жылдык суммасы төмөндөгү формула боюнча эсептелет:
Бис 1 толук жылдык = Бис 1 + Би1П + Бимп1+ Би1...nК
мында:
Бис 1 толук жылдык – бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн сарптоолорунун толук жылдык суммасы;
Бис 1– 1…n ден тартып ар бир бөлүштүрүүчү ишкананын сарптоолору;
Би1П – бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн кредиттик милдеттенмелер боюнча пайыздар;
Би1...nК – бир бөлүштүрүүчү ишкананын кирешесинен каржылануучу чыгымдар;
Бимп1 – электр энергиясын негизги жеткирип берүүчүнүн бир бөлүштүрүүчү ишкана үчүн импорттук электр энергиясын сатып алуудагы чыгымдарынын үлүшү.
12. Белгиленген өлчөмдөгү киреше кирешеден каржылануучу чыгымдар ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган инвестициялык программага ылайык тармактарды өнүктүрүүгө, жаңы өндүрүштүк активдерди түзүүгө, кеңейтүүгө, калыбына келтирүүгө, жаңылоого, колдоого, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга, ошондой эле кредиттер боюнча төлөөлөрдү жабууга багытталат. Макулдашылган инвестициялык программа жок болгон учурда, чыгымдардын тиешелүү суммасы 11-пунктка ылайык эсептелген сарптоолордун толук жылдык суммасына киргизилбейт.»;
- төмөнкү мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
«13. Электр энергиясын негизги жеткирип берүүчүнүн бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн импорттук электр энергиясын сатып алуу боюнча чыгымдары электр энергиясын негизги жеткирип берүүчү башка өлкөлөрдөн электр энергияны импорттоону токтоткон учурга чейин эсепке алынат.
Эскертүү:
· электр энергиясын негизги жеткирип берүүчү – бардык бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергиясын жеткирип берүүчү.
2. Электр энергетика башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралары көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Т.О. Ибраев