Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл №30
Айыл аймагындагы турак үйлөрдүн жана жайлардын салыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл району боюнча башкармалыгынын 27.01.2025 №014/25/10/1-/142/1 каты менен таанышып чыгып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Айыл аймагындагы турак үйлөрдүн жана жайлардын салыгы 13 пайыз өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев