Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл №31
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 19-бөлүмүнүн 95-беренесине ылайык, 2025-жылга Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.2025-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
99 963 800 (токсон тогуз миллион тогуз жүз алтымыш үч миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолорсуз бекитилсин. Анын ичинен:
- 94 134 800 сом жергиликтүү бюджет,
- 5 500 000 сом атайын каражаттар.
2.2026-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
102 623 800 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
3.2027-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
105 702 600 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
4.Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев