ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин XVI кезексиз сессиясы
2022-жылдын 9-сентябрындагы № 16/1
Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы түштүк-батыш тарабында жайгашкан ичүүчү таза суу чыгаруу үчүн водозабор, резервуар курууга № 3374, 3375, 3493, 3500, 3501, 3502, 4013, 4016, 4018, 4019, 4020-контурларындагы 1,54 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге- Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан ичүүчү таза суу чыгаруу үчүн водозабор, резервуар курууга № 3374, 3375, 3493, 3500, 3501, 3502, 4013, 4016, 4018, 4019, 4020-контурларындагы 1,54 га жер аянты Жерге-Тал айыл ѳкмѳтүнүн балансасына алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын, тиешелүү кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ашырбековго тапшырылсын.
Төрагасы | Т.Орунбаев |