Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл № 34
“Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктунун негизинде, “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө маалыматты карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Маалымат берүүдөгү айтылган сунуш-талаптарды эске алуу менен иш алып баруу жагы “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Сагынаалиевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев