Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл №36
“Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджети 11 519 102 (он бир миллион беш жүз он тогуз миң бир жүз эки) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев