Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл № 37
“Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджети 8 685 800(сегиз миллион алты жүз сексен беш миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев