Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
13.02.2025-жыл №39
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин айлык акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августу ПЖ№ 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына иштин татаалдыгы, сапаты жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн кызматтык маянасына 30 пайыздык өлчөмдө үстөк төлөнүп берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнү башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев