Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
26.03.2025-жыл № 47
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жарандардын чогулушунун протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагындагы №3017 Сары-Камыш УШК, №3018 Тору-Айгыр УШК, №3019 Чырпыкты УШК, №3020 Тамчы УШК, №3248 Кош-Көл УШК резервине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жарандардын чогулуштарынын протоколдору тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздары Ысык-Көл райондук Аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Административдик укуктук жана социалдык суроолор боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев