Редакцияот 21.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

04.04.2025-жыл №56

Тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматынын жана айыл чарба багытындагы кызмат көрсөтүүлөр тарифин бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун жетекчиликке алып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айылдарында өткөн Элдик жыйындын протоколдору менен таанышып чыгып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

         1.Жалпы айыл аймагындагы айылдар үчүн (Сары-Камыш, Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк, Чырпыкты, Кош-Көл, Гүлбакча, Тамчы) тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу кызматынын акысы кожолукка 100 (бир жүз)сом болуп бекитилсин.

        2.Айыл аймагында айыл чарба багытындагы кызмат көрсөтүүлөр төмөндөгүдөй бекитилсин:

-жер айдоо 1га үчүн-1500 (бир миң беш жүз) сом, 25л солярка+перегон;

-себүү 1га үчүн-1000 (бир миң) сом, 10л солярка;

-чөп чабуу 1га үчүн -1200 (бир миң эки жүз) сом, 10л солярка;

-дары чачуу 1га үчүн-700 (жети жүз) сом, 5л солярка;

-дан эгиндерин чабуу- 1500 (бир миң беш жүз) сом, 25л солярка.

        3.Токтомдун аткарылышы “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.С.Сагынаалиевге милдеттендирилсин.

        4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиевага тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                 Н.Т. Иманалиев