Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-апрели № 86
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - электрондук акчанын эмитенти же электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн келишимге ылайык электрондук акча операцияларын жасоону ырастоочу документтерди берүү менен товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акча кабыл алуучу юридикалык жак, ошондой эле жеке ишкер;";
б) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Накталай эмес эсептешүү ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык банк эсебинен же электрондук капчыктын өздүк эсебинен жана башка булактардан акча каражаттарын эсептен чыгаруу жолу менен эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (төлөм QR-кодун) жана маалыматтарды өткөргүчсүз берүүнүн башка технологияларын пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1) төлөм QR-коду - төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси;";
г) 22-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) электрондук акчанын эмитенти - Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык электрондук акчаны жүгүртүүгө чыгаруу укугуна ээ болгон жана электрондук акчаны тындырууга сунуштаган кармоочуларга чыгарылган электрондук акчаны тындыруу боюнча өзүнө шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмелерди алган юридикалык жак;";
д) төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1) төлөм карталарынын эмитенти - Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык төлөм карталарын чыгаруу укугу бар юридикалык жак;";
е) төмөнкүдөй мазмундагы 24-пункт менен толукталсын:
"24) NFC (near field communication) - байланышсыз төлөмдөр үчүн өткөргүчсүз маалымат берүү технологиясы.";
2) 3-берененин 3-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "үчүнчү жактардын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн" деген сөздөр "үчүнчү жактардын - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) ушул Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык электрондук акчаны чыгаруу, жайылтуу жана тындыруу;";
в) 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны жайылтууну/тындырууну кошуп алганда," деген сөздөр алып салынсын;
3) 6-беренеде:
а) ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "эмитент" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "электрондук акчанын эмитенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкү мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Төмөнкүлөр электрондук акча чыгаруу укугуна ээ:
- Улуттук банк;
- банк - банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктын лицензиясына уруксат берилген банк операцияларынын тизмегине ылайык;
- төлөм уюму - Улуттук банктын кошумча лицензиясы болгондо.";
в) 9-бөлүктө "банк" деген сөз "электрондук акчанын эмитенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-берене менен толукталсын:
"6-1-берене. Төлөм уюмдары тарабынан электрондук акча чыгаруунун жана тындыруунун тартиби
1. Улуттук банктын электрондук акча чыгаруу укугуна кошумча лицензиясы болгондо төлөм уюму электрондук акча чыгарат. Электрондук акча чыгарууга лицензия Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берилет.
2. Төлөм уюму электрондук акчаны төлөм уюму тарабынан эмиссиялануучу электрондук акчанын суммасынан кем эмес суммада төлөм уюму тарабынан коммерциялык банктагы атайын эсебинде акча каражаттары алдын ала депонирленген шартта чыгарат.
3. Төлөм уюму ушул беренеде белгиленген электрондук акча чыгаруу шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат жана электрондук акча системасындагы эмиссияланган электрондук акчалардын суммасынын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын депонирленген суммасына шайкеш келишине контроль жүргүзөт. Кийин контролдоо функциялары да электрондук акча чыгаруунун эсебинде депонирленген сумманы сактоо жөнүндө түзүлгөн келишимдин негизинде электрондук акча системасына онлайн-режимде жетүүнү берүү жолу менен атайын эсеп ачылган банкка берилет, бул келишимдик мамилелердин алкагында жана банктык мыйзамдардын талаптарында белгиленүүгө тийиш.
4. Төлөм уюму маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды сактоого жана электрондук акчаны чыгаруунун, жайылтуунун жана тындыруунун бардык этаптарында маалыматты үзгүлтүксүз коргоого тийиш.";
5) 13-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "эмитент" жана "банк-эмитент" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "төлөм карталарынын эмитенти" жана "төлөм карталарынын банк-эмитенти" деген сөздөргө тиешелүүлүгүнө жараша алмаштырылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-берене менен толукталсын:
"13-1-берене. Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (төлөм QR-кодун) пайдалануу менен эсептөөлөр
1. Төлөм системасынын катышуучулары Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөм QR-кодун пайдалануу менен оператор/өз ара аракеттенүү операторлору аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө тийиш.
2. Кандай болбосун туташууларда төлөм QR-кодун жана төлөм шилтемелерин пайдалануу финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Эки өлчөмдүү штрих-код белгилеринин КМС 1348:2019 улуттук стандартынын талаптарына толугу менен шайкеш келүүгө тийиш.
3. Өз ара аракеттенүү операторлору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык төлөөчү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин камсыз кылуу, ошондой эле төлөм ӨК-кодун пайдалануу менен төлөм жүргүзүү жана акча каражаттары төлөөчүдөн акыркы алуучуга түшүүсү үчүн бири-бири жана өз ара аракеттенүүнүн негизги оператору менен интеграцияланууга жана өз ара аракеттенүүгө тийиш.";
7) 15-беренеде:
а) 4-бөлүктүн 2-пункту "эсебине" деген сөздөн кийин "же электрондук капчыгына" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүктө:
- 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) карта кармоочу үчүн: кайтарылгыс - аралыктагы түзүлүштө же банкта операциялардын (транзакциялардын) жасалганы жөнүндө ырастаманы алган учурда; акыркы - төлөм картасынын банк-эмитентинде карта кармоочунун эсебинен каражаттар алынган учурда;
2) төлөм картасынын банк-эмитенти үчүн: кайтарылгыс - төлөм картасынын банк-эмитентинин корреспонденттик (учурдагы) эсебинен эквайерге берүү үчүн акча каражаттарын чыгарган учурда; акыркы - эквайердин эсебине каражаттар чегерилген учурда;";
- 3-пунктта "банк-эквайер" деген сөздөр "эквайер" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 4-пунктта "эсебине" деген сөз "банктык эсебине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 20-берененин 2-бөлүгүндө "эмитенттер" деген сөз "төлөм карталарынын эмитенттери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 21-берененин 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын банкы чыгарган" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 13-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |