Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-июлундагы № 12\3
Жерге-Тал айыл аймагында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, маркумду акыркы сапарга узатуу үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча жобону бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февраль «Кыргыз Республикасында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, маркумду акыркы сапарга узатуу үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар тууралуу №54 жарлыгынын» негизинде Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдагы 24-февраль «Кыргыз Республикасында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, маркумду акыркы сапарга узатуу үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар тууралуу №54 жарлыгынын» негизинде Жерге-Тал айыл аймагындагы үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, маркумду акыркы сапарга узатуу үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул жобо менен иш алып баруу жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Ашырбеков Мелисбек Мукашовичке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрагасы | Т.Орунбаев |
| Депутаттардын Жерге-Тал айылдык кеңешинин «27» июль 2022-жылдагы 12\3-сессиясынын токтомуна № 1-тиркеме |
Айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ Типтүү жобонун долбоору
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнѳ киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды ѳткѳрүүнүн тартиби
4. Ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү иретке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1 Жергиликтүү комиссия
5.2. Райондук комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын ѳзгѳчѳлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү иретке келтирүү, аларды ѳткѳрүүдѳ убаракерчиликке, ѳлүк ээсин мажбурлоого, ѳзүн кѳрсѳтүүгѳ умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт- санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербѳѳ, ата салтына жат терс жѳрѳлгѳлѳрдүн күндѳлүк турмушта жайылышына бѳгѳт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кенири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнѳ киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында, үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым- жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ жобону (мындан ары - жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кенештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун ѳкүлдѳрүнѳн турган жумушчу тобу түзүлѳт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл ѳкмѳтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкѳн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кенештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жѳнүндѳ жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүлѳт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл ѳкмѳтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды ѳткѳрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлѳлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннѳткѳ отургузуу, нике (үйлѳнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлѳлүк салтанаттар айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектѳѳлѳрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен ѳткѳрүлѳт.
4. Ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби
4.1. Ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) эки жандыктан бир бодого чейин кана мал союу жана таптакыр сойбой коюу шарты менен ѳткѳрүлѳт.
4.2. Ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча ѳткѳрүлѳт.
5. Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү иретке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым- жырымдарын ѳткѳрүүнү иретке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы ѳкүлү, райондун акими, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы, облустук комиссия жана райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет.
Бардык комиссиялар ѳздѳрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл ѳкмѳтүндѳ, аймактык коомдук ѳз алдынча башкаруусунда түзүлѳт. Анын курамына айыл ѳкмѳтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун ѳкүлдѳрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчѳлѳрү ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымы ѳткѳрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзѳт, ѳлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жѳнүндѳ журналга каттоо жүргүзѳт (же акт түзѳт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) кѳрѳт.
5.2. Райондук комиссия
5.2.1 Райондук комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрацияда түзүлѳт. Анын курамына аким администрациянын башчысы, администрациянын кызматкерлери, милициянын, маданият бѳлүмүнүн, элге билим берүү бѳлүмүнүн, кесиптик кошуундардын, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун кеңешинин, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын, ж.б. ѳкүлдѳрү кирет. Райондук комиссия акимдин администрациянын башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.2.2. Райондук комиссия бул иште жалпы жетекчилик кылат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт, үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүү боюнча алдынкы тажрыйбаларды жалпылайт, аларды жайылтуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзѳт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) кѳрѳт, жергиликтүү комиссиялардын чечимдерине даттанууларды карайт, чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара кѳрүү үчүн облустук комиссияга сунуш киргизет.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Айыл аймагында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым жырымдарын ѳткѳрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын ѳлчѳмдѳрү, салынган айыптарды тѳлѳѳ мѳѳнѳтү жана тартиби каралат.
Жооптуу катчы: | А. Чоро уулу |