Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-июлундагы № 12\2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 2215 статьясындагы 25000(жыйырма беш миң) сом акча каражатын И. Молдобаев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы үчүн которуу жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинде өздүк салым үчүн каралган акча каражатынан “Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун колдоосундагы Жерге-Тал айылында жайгашкан И. Молдобаев атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу долбооруна өздүк салымга каражат сурап кайрылган мектеп директору Н. Саякбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Өздүк салым үчүн каралган 2215 статьясынан 25000(жыйырма беш миң) сом акча каражаты аталган долбоорго өздүк салым үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ашырбековго, башкы бухгалтер А. Медетовага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдүккѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.
Төрагасы | Т.Орунбаев |