Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-апрелиндеги № 11/1
Жерге- Тал айыл өкмөтүндө 2019-жылы уюшулган “Тогуз-Булак” үрөөнчүлүк фондун жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүндө 2019- жылы уюшулган “ Тогуз- Булак” үрөөнчүлүк фонду келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жоюлсун.
2. “Тогуз- Булак” үрөөнчүлүк фонду пайдаланып келген, 15га ФПСтин жери Жерге- Тал айыл өкмөтүнө караштуу төмөндөгү бюджеттик мекемелерге көмөкчү чарбага бөлүнуп берилсин:
- К.Касмалиев атындагы балдар бакчасына,
- Ж.Бусурманкулова атындагы балдар бакчасына,
- И.Молдобаев атындагы орто мектебине,
- Б.Календеров атындагы орто мектебине,
- ИСКАКБга,
- СПАга,
- Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ашырбековго милдеттендирилсин.
Төрагасы | Т.Орунбаев |