Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-ноябрындагы № 1
“Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө”
Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 26 –ноябрындагы № 3 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамалекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы № 56 – буйругу менен бекитилген типтүү регламентти жетекчиликке алуу менен Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 3 протоколу бекитилсин.
2. Мырзагелдиев Калыс Манасович Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Б.Уметов |