Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-ноябрындагы № 3
III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 61-беренесин жектекчилике алып, Орто-Кайыңды айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайыңды айыл аймагынан III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 07-декабрында саат 10-00 чакырылсын, жыйын айыл өкмөтүнүн имаратында өткөрүлсүн.
2. Жергиликтүү жааматтын өкүлчүлүк жыйынга ченеми, айыл аймагынын жашоочуларынын санына ылайык Вознесеновка айылына -35 өкүл Орто-Кайырма айылына – 10 өкүл, Эркин-Сай айылына -7 өкүл, Букара айылына -12 өкүл, Тельман айылына -17 өкүл, Кум-Арык айылына 20 - өкүл бекитилсин.
3. Жергиликтүү жааматтын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин .
3. Уюштуруу тобу :
-Айыл аймагынын жергиликтүү жааматынан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү жана III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.
4. Жергиликтүү жааматтан өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү күнү ,ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
5. Бул токтомдун ишке ашыруу жагын уюштуруу тобуна жана айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Джуматаева Д.М-га жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Мырзагелдиев |