Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-декабрындагы № 4
“Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламенттерин бекитүү жөнүндөгү 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330- буйругун жетекчилике алып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап, Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин Регламенти 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин 2024-жылдын 10-май айындагы “ Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө” № 4- токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | К.Мырзагелдиев |