Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-декабрындагы № 6
Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаттарынын этика Кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06-декабрындагы № 01-25/328 – буйругу менен бекитилген жергиликтүү кеңештердин Типтүү этика кодексин жетекчилике алып жана айылдык кеңештин депутатынын моралдык принциптерин, жүрүм-турум эрежелерин бекитүү максатында Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаттарынын этика Кодекси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айылдык кеңештин депутаттары өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, депутаттык ыйгарым укутарын аткаруу учурунда бекитилген этика Кодексин сактоого тийиш.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын төраганын орун басары Эсен уулу Теңгизке жана туруктуу комиссиянын төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.
Төрага | К.Мырзагелдиев |