Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-декабрындагы № 7
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2024-жылга айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө отчету жана 2025-жылдын социалдык – экономикалык өнүктүрүү планынын долбоору
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. “Орто-Кайыңды айыл аймагынын 2024-жылга социалдык – экономикалык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө отчетун жана 2025-жылдын социалдык – экономикалык өнүктүрүү планынын долбоору ” боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э. “Орто-Кайыңды айыл аймагынын 2024-жылга социалдык – экономикалык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
2. Орто-Кайыңды айыл аймагынын 2025-жылдын социалдык – экономикалык өнүктүрүү планынын долбоору маалыматка алынсын.
3. Орто-Кайыңды айыл аймагынын 2025-жылга социалдык- экономикалык өнүктүрүү планы сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кезектеги сессияда каралсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Шаршенбиева В.А. жүктөлсүн.
Төрага | К.Мырзагелдиев |