Загрузка документа…
ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-сентябрындагы № 22
“2025-жылга долбоорлорго өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө”
Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СӨБ башчысы Машланова Э.М. 2025-жылга долбоорлорду ишке ашыруу максатында, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен 8 816 077 сом грант алуу максатында , 2025-жылдын чыгаша бөлүгүнө жергиликтүү бюджеттен 6 982 315 сом каралсын, баардыгы 15 798 392 сом.
2. Республикалык бюджеттен дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлор жана өздүк салым тизмеге ылайык бекитилсин ;
1) Эркин-Сай жана Орто-Кайырма айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө долбоору өздүк салым 2 324 645 сом , дем берүүчү грант 2 324 644 сом, баардыгы 4 649 289 сом.
2) Вознесеновка айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө долбоору өздүк салым 346 911 сом, дем берүүчү грант 1 387 646 сом, баардыгы 1 734 557 сом.
3) Вознесеновка айылындагы Первомайская көчөсүн асфальттоо долбоору өздүк салым 4 046 416 сом, дем берүүчү грант 4 046 416 сом, баардыгы 8 092 832 сом.
4) Вознесеновка айылындагы “ Ширин-бөбөк” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу долбоору өздүк салым 264 343 , дем берүүчү грант 1 057 371 сом, баардыгы 1 321 714 сом.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн СӨБ башчысы Машланова Э.М. жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жүктөлсүн.
Төрага | К.Мырзагелдиев |