Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 256
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Каракол” эл аралык аэропортун толук иштетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
4 | “Каракол” аэропорту | Ысык-Көл облусу, Каракол ш., “Каракол” эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
”.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылга республикалык бюджетте мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |