Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27 март № 34
Тегизчил айылындагы бузулуп кеткен мурдагы гараждын
башкы планына өзгөртүү киргизүү
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын Тегизчил айылындагы бузулуп кеткен мурдагы гараждин ордуна үй салууга жер алып жатканыбыздан айылдын башкы аланына өзгөртүү киргиздирип берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Тегизчил айылындагы бузулуп кеткен мурдагы гараждын ордуна үй салууга башкы планга өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2