Редакцияот 09.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 9-апрели №46/7-6

 

Токмок шаарынын “Кыргыз Тоо-Таш” ачык акционердик коомунун карьеринин чыгыш тарабында жайгашкан, 51289,2 ч.м. болгон, идентификациялык коду №7‑10‑08-0054-0132 жана 74849,0 ч.м. болгон, идентификациялык коду №7‑10‑08‑0054-0131 жер тилкелерин Кырыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын балансына өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги кириш №01-07/80 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 4-апрелиндеги отурумунун №8 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын “Кыргыз Тоо-Таш” ачык акционердик коомунун карьеринин чыгыш тарабында жайгашкан, 51289,2 ч.м. болгон, идентификациялык коду №7‑10‑08‑0054‑0132 жана 74849,0 ч.м. болгон, идентификациялык коду №7‑10‑08‑0054‑0131 жер тилкелерин Кырыз Республикасынын Президентинин иш башкармасынын балансына өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.К. Исаев