Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30 апрель № 36
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын тургуну Коноев Керезбек Гапезовичтин, Бөрү-Баш айылына караштуу №876-контурунан 0,20га жер тилкесин кашар жана малчынын үйү менен салуу боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылынын тургуну, Коноев Керезбек Гапезовичке, Бөрү-Баш айылына караштуу №876-контурундагы айыл чарба багытындагы пайдаланылбаган башка жерлерден 0,20га жер тилкесин, мал сарай жана чабандын үйүн курууга жеке менчикке, 10 баш ийри мүйүздүү, 20 баш майда мал багууга бөлүп берүүгө макулдук берет.
2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2