Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 15-апрели № 26
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 27-пунктун ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобосунун 14-пунктун жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин мыйзамдык экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнө:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.
4. Бул буйруктун аткарылышынын көзөмөлдөөсүн өзүмө калтырамын.
5. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп табылган учурдан тартып күчүнө кирет.
Директор А.Ж. Усенов
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин
2025-жылдын “15” апрелиндеги № 26 буйругуна тиркеме
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү фактысы жөнүндө билдирүүнүн милдеттүү жол-жоболорун аныктайт.
2. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.
3. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
4. Жеке маалыматтарды бир жеке маалымат массивин кармоочудан (ээси) башкасына берүүгө, мындай өткөрүп берүү учурунда "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган жеке маалыматтар менен иштөөнү жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери бар болгон учурда гана жол берилет.
2. Үчүнчү тарапка жеке маалыматтарын берүү фактысы жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү
5. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) үчүнчү тарапка жеке маалыматтары берилип жаткандыгы жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине жеке маалыматтар берилген учурдан тартып бир жумалык мөөнөттүн ичинде билдирүүгө милдеттүү, буга Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун а) жана б) пунктчаларында каралган учурлар кирбейт.
6. Билдирүүнүн формасын жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) субъект менен байланышуу ыкмасына (телефон, смс-билдирүү, кат, электрондук почта билдирүүсү боюнча) жараша жеке маалыматтар субъекти менен макулдашуу боюнча тандайт. Бул учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) субъектиге жеке маалыматтары үчүнчү тараптарга берилгендиги жөнүндө маалымдоосунун далилдерин (каттардын көчүрмөсү, телефонограммалар, билдирүүлөр) сактоого жана аларды жеке маалыматтар субъектисине же алардын суроо талаптары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мыйзамга ылайык берүүгө тийиш.
7. Үчүнчү тарапка жеке маалыматтарын берүү жагдайлары жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине маалымдоо максатында билдирүүнүн мазмунуна төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээси) же анын өкүлүнүн аталышы же болбосо фамилиясы, аты, атасынын аты жана дареги;
2) жеке маалыматтарды берүүгө негиз;
3) берилген жеке маалыматтардын курамы;
4) жеке маалыматтарды иштетүү максаты жана иштетүү ыкмаларынын жалпы баяндалышы;
5) жеке маалыматтарды алуунун булагы.
8. Эгерде жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) маалымат субъектине билдирүүгө мүмкүндүк бербеген тоскоолдуктарга туш болсо, беш күндүн ичинде бул тууралуу жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү зарыл, мында жасалган кадамдар жана пайда болгон көйгөйлөр тууралуу толук маалымат берилет.
9. Маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды берүүнүн максаты, берилүүчү маалыматтардын тизмеси жана жеке маалыматтарды берүүнүн бардык эпизоддору үчүн алуучу тарабынан маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмалары бирдей болгон шартта, жеке маалыматтарды бир эле алуучуга кайталап же узакка берүүнү ишке ашырган учурда анын жеке маалыматтарын берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектине кошумча маалымдоого милдеттүү эмес.
10. Эгерде жеке маалымат субъекти өзүнө байланыштуу жеке маалыматтарга укуксуз аракет жасалган деп эсептесе, ал ошол аракеттерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча чечимдери "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
4.Байланыш маалыматын суроо
11. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектисинен жеке маалыматтарды алууда, андан байланыш маалыматтарын (жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин, телефон номерин, электрондук почта дарегин) сурап алуусу керек, буларды колдонуу менен каалагандай ылайыктуу формада субъектиге анын жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүү фактысы жөнүндө билдирүү жиберүүгө болот.
12. Жеке маалыматтар субъектинин байланыш маалыматы жок болгон учурда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектин пассивдүү режимде анын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка бергендиги жөнүндө маалымдоо боюнча же мамлекеттик бийлик органдарынан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жетишпеген байланыш маалыматтарын сурап, же болбосо жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү булактарынан алуу боюнча иш-аракеттерди көрөт.
13. Жеке маалыматтар субъектисинин байланыш маалыматтары субъектинин өзүнөн алынбаган учурларда жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) төмөнкүлөрдүн анык экендигин билүүгө тийиш:
1) алынган байланыш маалыматтары түздөн-түз ошол жеке маалыматтар субъектисине тиешелүү экендигин (мисалы, субъект Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларын пайдалануу менен идентификацияланган, же жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) анын ким экендигин ырастоо максатында алдын-ала жеке маалыматтар субъекти менен байланышкан);
2) маалымат берүү максатында жеке маалыматтар субъектиси жөнүндө кошумча байланыш маалыматтарын топтоо жеке маалыматтар массивин түзүү аракеттери ишке ашырылган жеке маалыматтарды иштетүү максаттарына каршы келбегенин;
3) билдирүү жиберүү максатында жеке маалыматтар субъектисинин байланыш маалыматтары суралган жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүүгө жеке маалыматтар субъектисинин макулдугу алынгандыгын (Мыйзамда белгиленген учурларда).
5. Билдирүү мүмкүн болбогон учурда маалымат ээсинин аракеттери
14. Эгер жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) өзүндө болгон маалыматтардын негизинде, жеке маалыматтарынын берилгендиги жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине кабар бере албаса, субъектилер жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурда аларды идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды берүү менен, ал бул тууралуу, ошондой эле жеке маалыматтары берилгендиги жөнүндө ушундай жеке маалыматтар субъектисине маалымдоого жеке маалыматтар массивин кармоочусунун (ээсинин) көргөн аракеттери тууралуу маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү.
Билдирүүнү пассивдүү режимде ишке ашырууда жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) жеке маалыматтар субъектине маалымдоого жасаган аракеттери жөнүндө жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдоо талап кылынбайт.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ролу
15. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мыйзамдын 19-беренесине ылайык жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтары укукка туура келбеген шартта берилгендиги жөнүндө арызын алып, өзүнүн маалыматтык системасында жеке маалымат массивин кармоочунун (ээси) аталган жеке маалыматтар субъектисине маалымат берүү үчүн аткарган иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды токтоосуздан текшерүүгө алат жана аталган маалыматтар табылган учурда, бул тууралуу жеке маалыматтар субъектисине (жеке маалымат массивин кармоочунун байланыш маалыматтарын тиркөө менен) жана жеке маалымат массивин кармоочуга (жеке маалыматтар субъектиси жөнүндө байланыш маалыматтарын тиркөө менен) маалымдайт.
7. Маалымат субъекттерин каттоо жана билдирүүлөрдү документтештирүү
16. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) маалымат субъекттерине кабарлоонун бардык учурларын, анын ичинде датасын, ыкмасын жана мазмунун документтештирүүгө, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттүн ичинде тиешелүү далилдерди маалымат субъекттеринин же ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча берүү үчүн сактоого тийиш.
17. Жеке маалыматтар массивин кармоочудан (ээсинен) жеке маалыматтар субъектине анын жеке маалыматтарын өткөрүп берүү жана жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталгандардын ичинде жеке маалыматтар субъектин идентификациялоо жөнүндө маалымдоо мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүү алган учурда, жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке маалыматтар субъекти тарабынан каттоодо берилген байланыш маалыматтарын пайдалануу менен анын жеке маалыматтарын берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектине маалымдайт.
Тиркеме
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү
жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү формасы
Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ушул менен Сиздин жеке маалыматтарыңызды үчүнчү жакка берүү жөнүндө кабарлайбыз.
1. Алуучунун аталышы/жеке маалыматтары:
(Жеке маалыматтар берилип жаткан уюмдун аталышын же
жеке адамдын маалыматтарын көрсөтүңүз)
2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу максаты:
(Жеке маалыматтар кандай максатта берилерин жана иштетилерин сүрөттөп бериңиз)
3.Маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн укуктук негиздер:
(Маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн укуктук негизди көрсөтүңүз, мисалы, маалымат субъектинин макулдугу же мыйзамдуу талап)
4. Өткөрүп берилчү маалыматтардын тизмеси:
(Үчүнчү жакка кайсы жеке маалыматтар берилип жаткандыгын так тизмелеңиз)
5. Маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмалары:
(Маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмаларын жана жолдорун сүрөттөңүз)
6. Жеке маалыматтарды алуу булагы:
(Берилип жаткан жеке маалыматтар кайдан алынганын көрсөтүңүз)
7. Маалымат коопсуздугу боюнча чаралар:
(Берилген маалыматтарды уруксатсыз кирүүдөн, агып кетүүдөн жана башкалардан коргоо үчүн көрүлө турган чараларды сүрөттөңүз)
Маалыматтарды берүү датасы: 20___ -ж “___” ____________
Билдирүү жөнөтүлгөн күн: 20___ -ж “___” ____________