Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 29-апрели № 91
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө
1-берене. Улуттук валютада эсептешүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Улуттук валютада эсептешүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына негизделет.
2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Кыргыз Республикасынын аймагында товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын - сомду (мындан ары - улуттук валюта) пайдаланууну көбөйтүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жана максаттары
Ушул Мыйзамдын колдонулушу улуттук валютаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү жеке жактарга, жеке ишкерлерге жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жайылтылат.
4-берене. Накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын ортосундагы мамлекеттик каттоо органында укуктар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон кыймылсыз мүлктү, кыймылдуу мүлктү (автомототранспортту) сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада гана жүргүзүлөт. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бааларын чет өлкөлүк валютада көрсөтүү менен жарнамалоого тыюу салынат.
5-берене. Улуттук валютада накталай эмес акча жүгүртүүнүн инфратүзүмүн уюштуруу
1. Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү улуттук валютада накталай эмес формада кабыл алуу инфратүзүмүн уюштуруу үчүн керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүчү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн соода-сервистик ишканалар, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттын QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн багытталган жабдуунун жана/же технологиялардын (программалык-техникалык түзүлүштүн) болуусун жана орнотулуусун, ошондой эле колдонулуусун камсыз кылышат.
2. Товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жабдуулар жана/же технологиялар (программалык-техникалык түзүлүш) аркылуу төлөөдө банктар, төлөм уюмдары тарабынан колдонуудагы төлөм системалары менен системалар аралык интеграция, башкача айтканда, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү учүн башка төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү жана иштөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынууга тийиш.
6-берене. Укуктарды камсыз кылуунун кепилдиктери
1. Улуттук валютада накталай эмес формада сатып алуу-сатуу боюнча ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн бүтүмдөр тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Мыйзамдын 3-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга банк тарабынан ачылган банктагы атайын эсепти пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Атайын эсеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык белгилүү бир жагдайлар келип чыкканга же келишимде каралган белгилүү бир милдеттенмелерди аткарганга чейин акча каражаттарын эсепке алуу жана бөгөт коюу үчүн багытталган.
7-берене. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү түзүүдө банктык комиссиянын өлчөмүн чектөө
1. Кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү боюнча улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктын комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктарга кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөрдү иштеп чыгуу менен байланышкан кошумча төлөмдөрдү же жыйымдарды алууга тыюу салынат.
8-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
1. Банк жөнүндө мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык, банктар жана төлөм уюмдары улуттук валютада накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон өздөрүнүн системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Техникалык бузулуулар болгон учурда банктар жана төлөм уюмдары кардарларга бузулуулардын себептери жана аларды жоюу мөөнөттөрү жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
9-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик келип чыгат.
2. Банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды жана улуттук стандарттын QR-кодун колдонуу менен улуттук валютада төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн багытталган жабдууну жана/же технологияларды (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонуудан баш тарткан учурда, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. Товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө улуттук валютадагы баалар (тарифтер) жөнүндө керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жоктугу, ошондой эле улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 2-майындагы № 33 (3689) саны менен жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 3-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |