Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 25-февралы № 168
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген алдын алуучу эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 2-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилбеген алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 3-пункту);
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Бейтапты ооруканага чейин жеткирүү, пландык көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташып баруу (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 20-пункту);
4) Табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинсекциялык, дезинфекциялык жана дератизациялык иш-чараларды жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 21-пункту).
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде МЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары
К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Э.М. Чечейбаев
2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна
1- тиркеме
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген алдын алуучу эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 2-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык иммунопрофилактика борбору; Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Жалпы дарыгердик практика борборлору; фельдшердик-акушердик пункттар; облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Ооруларды алдын алуучу эмдөөлөрдүн календары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында расмий катталган чет өлкөлүк жарандар. Ооруларды алдын алуучу календар жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасынын коомдук саламамттык сактоо жөнүндө». |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| - Эмдөөнүн түрүн, аталышын, дозасын, сериясын жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен эмдөөлөрдү алган туураалуу маалыматтарды «Иммунизация» маалымат системасында каттоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таянычкыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча; - «Түндүк» мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. |
|
| Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат. | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Медициналык кызматкердин кароосу жана ооруларды алдын алуучу эмдөөлөрүн жүргүзүү үчүн уруксат алуу - 5-10 мүнөт. Эмдөө жүргүзүү процедурасы - 10-15 мүнөт Жасалган эмдөөлөрдү алуу документтеринде каттоо - 5 мүнөт. Поствакциналык мезгилде медициналык байкоо жүргүзүлөт: - медициналык мекемеде алдын ала эмдөө алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде; - инактивациялык вакциналык дарыларды алгандан кийин 2-күнү; - тирүү вакциналарды алгандан кийин 5-7 күнү. | ||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; - ошондой эле Республикалык иммунопроифлактика борборунун www.privivka.kg. сайтында жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун www.saksalamat.kg сайтында. - Республикалык иммунопрофилактика борборуна жеке кайрылганда; Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (басма басылмалар, гезиттер, радио, телекөрсөтүү, интренет); - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты жана | ||
|
|
|
|
|
|
| Республикалык иммунопрофилактика борборунун www.privivka.kg сайтында; - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу, социалдык тармактар жана электрондук кат аркылуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар |
|
| (функциялык милдеттер) жана кесиптикэтикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ишаракеттеринин тизмеси
| Кызмат алуу үчүн төмөнкүлөр керек: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы «Түндүк» мобилдүү тиркемеси аркылуу); - Кыргыз Республикасында расмий катталгандыгын тастыктаган документ (чет өлкөлүк жарандар үчүн). Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, |
|
| билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| «Иммунизация» маалыматтык системасынын I-Emdoo сайты аркылуу Кыргыз Республикасындагы эмдөөлөрүн алгандыгы тууралуу күбөлүк; «Тундук» мобилдүү тиркемесин колдонуу менен санарип форматындагы күбөлүк. |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ооруларды алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын ылайык жаш курагына жетпеген учурда; - медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн болушу; - Кыргыз Республикасында расмий катталгандыгы тууралуу тастыктаган |
|
| документи жок учурунда (чет өлкөлүк жарандар үчүн) |
17 | Даттануу тартиби
| Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги. телефон номери, ошондой эле дооталабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна
2- тиркеме
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилбеген алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 3-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык иммунопрофилактика борбору; Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Жалпы дарыгердик практика борборлору; фельдшердик-акушердик пункттар; облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Ооруларды алдын алуучу эмдөөлөрдүн календары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында расмий катталган чет өлкөлүк жарандар. Ооруларды алдын алуучу календар жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасынын коомдук саламамттык сактоо жөнүндө». |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| - Эмдөөнүн түрүн, аталышын, дозасын, сериясын жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен эмдөөлөрдү алган туураалуу маалыматтарды «Иммунизация» маалымат системасында каттоо. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: 4. белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; 5. жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таянычкыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; 6. жандуу кезек принциби боюнча; 7. «Түндүк» мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. |
|
| Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жайгаштырылат | ||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Медициналык кызматкердин кароосу жана ооруларды алдын алуучу эмдөөлөрүн жүргүзүү үчүн уруксат алуу - 5-10 мүнөт. Эмдөө жүргүзүү процедурасы - 10-15 мүнөт Жасалган эмдөөлөрдү алуу документтеринде каттоо - 5 мүнөт. Поствакциналык мезгилде медициналык байкоо жүргүзүлөт: 8. медициналык мекемеде алдын ала эмдөө алгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде; - инактивациялык вакциналык дарыларды алгандан кийин 2-күнү; 9. тирүү вакциналарды алгандан кийин 5-7 күнү. | ||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; 10. жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан; 11. ошондой эле Республикалык иммунопроифлактика борборунун www.privivka.kg. сайтында жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун www.saksalamat.kg сайтында. 12. Республикалык иммунопрофилактика борборуна жеке кайрылганда; Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (басма басылмалар, гезиттер, радио, телекөрсөтүү, интренет) - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты жана | ||
|
|
|
|
|
|
| Республикалык иммунопрофилактика борборунун www.privivka.kg сайтында; - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; 13. жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу, социалдык тармактар жана электрондук кат аркылуу; 14. жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; 15. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш графги мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында жана Республикалык иммунопрофилактика борборунун сайтында жайгаштырылат |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар |
|
| (функциялык милдеттер) жана кесиптикэтикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ишаракеттеринин тизмеси
| Керектөөчү кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: - ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, аскердик билет, туулгандыгы тууралуу маалымкат же ушул эле документ санариптик форматтагы “Түндүк” мобилдүү тиркемеси аркылуу). - саламаттык сактоо уюмунун кассасына же төлөм системалары аркылуу, мисалы, Mbank, Pay 24, Айыл Банк ж.б., медициналык кызмат көрсөтүүнүн баасын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен монополияга каршы |
|
| мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары прейскурантында чагылдырылат, ал Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында www.med.kg жана маалымат такталарында жайгаштырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн салаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: 16. кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; 17. жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; 18. кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; 19. кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; 20. мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; 21. акыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келиши; |
|
| - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| «Иммунизация» маалыматтык системасынын I-Emdoo сайты аркылуу Кыргыз Республикасындагы эмдөөлөрүн алгандыгы тууралуу күбөлүк; «Тундук» мобилдүү тиркемесин колдонуу менен санарип форматындагы күбөлүк). |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: 22. арыз ээси ушул стандарттын 12пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде; 23. медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн болушу. |
17 | Даттануу тартиби
| Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги. телефон номери, ошондой эле дооталабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте саламаттык сактоо уюмунун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Башка саламаттык сактоо уюмдарына кайрылуу зарыл болгон учурларда, кайрылуу боюнча акыркы жоопту берүү |
|
| мөөнөтү керектөөчүгө алдын ала кабарлоо менен 30 күнгө чейин узартылат. Даттануу боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна
1- тиркеме
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Бейтапты ооруканага чейин жеткирүү, пландык көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташып баруу, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри 2-главасы, 20-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук орган (мындан ары - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Бишкек ш. Медициналык шашылыш жардам борбору; Ош ш. Медициналык шашылыш жардам борбору. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке адамдар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| Бейтапты стационарга жеткирүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат атайын автотранспорт менен көрсөтүлөт: 24. белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген; 25. зарыл болгон медициналык аппараттар жана жабдуу, дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар бар медициналык иреттеп салгычтын (чемодандын) болушу. Кызмат көрсөтүүнүн кезеги телефон жана жазылуу (маалымат базада жана журналда) боюнча түзүлөт |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Чакырууну кабыл алуу - 4 мүнөт; Бригаданы күтүү: 26. Бишкек жана Ош шаарларында - 90 мүнөткө чейин; 27. республиканын калган региондорунда - 90 мүнөткө чейин. Тез жардамдын бекер бригадалары болсо жана кезек күткөндө шашылыш чакыруулар болбосо. | ||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымдоонун ыкмалары: 28. Медициналык шашылыш жардам борборунда "103" тел. боюнча; 29. саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: www.med.kg; 30. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системасынын бардык саламаттык сактоо уюмдарында; - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; 31. маалыматтык стенддер, брошюралар. Медициналык шашылыш жардам борборунун иш графиги - күнү-түнү. Жарандарга мамлекеттик кызмат жөнүндө оозеки маалымдалышы мүмкүн (адис менен жеке байланышканда). Маалымат бардык кайрылган адамдарга акысыз негизде, мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Саламаттык сактоо уюмдарынын даректери, телефон номерлери жана тизмеси саламаттык сактоо уюмдарынын маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында берилген. | ||
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; | ||
|
|
|
|
|
| мүнөздөө же санап кетүү)
| 32. маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; 33. саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишеним телефондору; 34. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Саламаттык сактоо уюмдарында кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Келүүчүлөр менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптикэтикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу жана кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында |
|
| каралган негиздер менен гана суроо-талап боюнча берилиши мүмкүн. | |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат керектөөчүлөрдүн иш аракеттеринин тизмеси
| көрсөтүүнү - | Керектөөчү же анын туугандары чакырууну тариздөөдө "103" номери боюнча чалып, төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек: - чакыруу дареги, саламаттык сактоо уюмунун аталышы, бөлүмдүн аталышы, палата номери же бригаданын бейтапты издөө үчүн керектүү маалыматтар (керек болгондо баруучу жолдорду көрсөтүп же бригаданы эшиктен тосуп алуу керек); - бейтаптын аты-жөнү жана жаш курагы; - медициналык шашылыш (тез) жардамга кайрылуунун себеби; - телефон номери жана ким чакырып жатат. Чакыруу чакыруулар журналына же электрондук маалыматтар базасына жазылат. Керектөөчүдө төмөнкүлөр болушу керек: - саламаттык сактоо уюмунун ооруканага жаткырууга жолдомосу; - бейтапты кабыл алуу туурасында максатталган стационар менен келишүү (стационардын өкүлдөрү менен оозеки жүргүзүлөт). Төлөм кызмат алгандан кийин врачка (фельдшерге) берилет, ал төлөм тууралуу квитанция берет же төлөм системалары аркылуу, мисалы, Мбанк, Pay 24, Айыл Банк ж.б., кызмат көрсөтүүнүн баасын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү | |
|
|
|
|
|
| ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчилиги тарабынан бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы баалардын прейскурантында чагылдырылат, ал саламаттык сактоо уюмунун маалымат стенддеринде жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - керектөөчү үчүн актуалдуулугу; - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, алардын жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ылайык келүүсү: имаратка, бөлмөгө ДМЧАнын кирүү мүмкүндүгү, коммуналдыктиричилик жагынан ыңгайлуу болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; |
|
| - максаттуу стационарга жеткизүү; - ташуу процессинде жашоо үчүн маанилүү көрсөткүчтөрдү байкоо жана бузулганы болсо туруктуу абалда кармоо; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
| Берилбейт |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 12пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде; - бейтапта башка саламаттык сактоо уюмдарынын жеткирүүгө көрсөтмөлөрдүн болбошу. |
17 | Даттануу тартиби
| Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө керектөөчү саламаттык сактоо уюмунун жетекчилигине, маселе чечилбегенде саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле дооталабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароону саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги белгиленген тартипте жүргүзөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. |
|
| Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |
2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна
1- тиркеме
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинсекциялык, дезинфекциялык жана дератизациялык иш-чараларды жүргүзүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри 2-главасы, 21-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти (мындан ары - ОААжМСЭКД); аймактык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору (мындан ары - ОААж МСЭКБ); Бишкек шаарынын залалсыздандыруу бекети; Ош шаарынын залалсыздандыруу бекети. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Ушул кызматты алууга төмөнкүлөр укуктуу: - юридикалык жана жеке адамдар; - мамлекеттик бюджеттик уюмдар; - башка уюмдар. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 173 "Кыргыз Республикасында жугушсуздандыруу ишинин негизги багыттары жөнүндө". |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик | Аткарылган иш тууралуу акт |
| кызматтын акыркы жыйынтыгы |
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча жана таяныч- кыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет, же болбосо, эгерде бөлмөгө көтөрүлө алышпаса, кызматчы аларга арызын алуу үчүн өзү түшөт. Келүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерлерде кызмат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Иштетип чыгуунун узактыгы - объекттин аянтына жараша 1 сааттан 6 саатка чейин. Кызмат кезек тартибинде жана жугушсуздандыруу иш-чараларын жүргүзүүгө табыштамаларга ылайык көрсөтүлөт. |
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтынан: https://med.kg/, жана ошондой эле ОААжМСЭК департаментинин расмий сайтында: https://dgsen.kg/; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке кайрылууда; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддери, брошюралары, буклеттери. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар кайрылган күнү кабыл алынат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматтарды жайылтуунун ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын: https://med.kg/, жана ошондой эле ОААжМСЭК департаментинин расмий сайтында: https://dgsen.kg/; - маалымат стенддери, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон менен байланышуу; - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы; - Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш графиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү |
|
| стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тактасында, сайтында: www.med.kg. ОААжМСЭКДнын сайтында: www.desen.kg жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | ОААжМСЭКДда, аймактык ОААжМСЭКБда кызмат көрсөтүүгө тийиштүү кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалымат тактачалары жайгаштырылат. Калк менен иш алып барган бардык кызматкерлердин аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлгөн жекелештирилген тактачалары (таанытмалары) болот. Келүүчүлөр менен пикир алмашууда кызматкерлер төмөндөгү негизги этика принциптерин сакташат: адептүү, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди далилдөө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын болтурбаган кызматтык нускамалар (функциялык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер бардык кызматкерлер тарабынан сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында |
|
| каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн ишаракеттеринин тизмеси | Ушул кызматты алуу үчүн жарандар ОААж МСЭКД же аймактык ОААжМСЭКБга кайрылууга тийиш. Мында керектөөчү же анын өкүлү төмөнкүлөргө тийиш: - ОААжМСЭКД же аймактык ОААжМСЭКБда иш-чара жүргүзүүгө арыз жазылат жана керектөөчүнүн колу менен ырасталат; - кассасыга же төлөм системалары аркылуу, мисалы, Мбанк, Pay 24, Айыл Банк ж.б., медициналык кызмат көрсөтүүнүн баасын төлөө, төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны алуу. Табыштамаларды каттоо журналында (барактарына боо тагылган жана номер коюлган, бөлүмдүн жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн жана мөөр менен бекитилген) келип түшкөн табыштамалар катталат. Керектүү документтердин тизмеси: - табыштама; - жугушсуздандыруу иш-чараларын жүргүзүүгө келишим. Кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга укуктуу. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөмө негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйругу менен бекитилет. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана |
|
| расмий сайтында https://med.kg/, жана ошондой эле ОААжМСЭК департаментинин расмий сайтында: https://dgsen.kg/; жайгашкан баалардын прейскурантында кызмат көрсөтүүнүн наркы чагылдырылат. |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүү стандартында айтылган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында берилиши; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк жана башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу, жеткиликтүүлүгү; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келүүсү: ДМЧА үчүн имаратка кирүү мүмкүндүгү, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктун болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу график, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, зарыл документтерди толтурууда кызматкерлердин жардамы жана кызмат көрсөтүүнүн бардык процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуш китебинин жеткиликтүү жерде болушу - жугушсуздандыруу иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин кемиргичтер жана курт-кумурскалардын болушуна даттануулардын болбогондугу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта кызматты алууга суроо-талапты |
|
| (өтүнмөлөрдү) кабыл алуу бөлүгүндө Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы – portal.tunduk.kg аркылуу көрсөтүлөт. Эскертүү: кызматка электрондук арыз жөнөтүү үчүн арыз ээси порталда каттоодон өтүшү керек portal.tunduk.kg |
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Төмөнкү учурларда кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат: - керектөөчү ушул стандарттын 3пунктунун талаптарына туура келбегенде; - арыз ээси ушул стандарттын 12-пунктунда келтирилген зарыл болгон документтерди бербегенде; - залалсыздандыруучу каражаттардын жок болушу. |
17 | Даттануу тартиби | Талаптагыдай кызмат көрсөтүлбөгөндө - арыз ээси ОААжМСЭКДнын же аймактык ОААж МСЭКБнын жетекчилигине, маселе чечилбегенде жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга оозеки же жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү арыз эркин формада берилет жана анда кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери камтылат, ошондой эле доо-талабынын маңызы, кызмат алуучунун колу жана датасы камтылат. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна берет. Даттанууларды жана доолорду кароо белгиленген тартипте жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана керектөөчүгө жообун жиберүү мөөнөтү ал катталгандан тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. |
|
| Даттануу боюнча кабыл алынган чечим менен макул болбогон учурда керектөөчү жаран Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык анын аракеттерине даттанууга укуктуу. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүктө дайыма кайра каралып турууга тийиш. |