Редакцияот 29.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 29-апрели № 7-2

 

“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануунун 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистери тарабынан сунушталган 2025-жылга карата жайыт пайдалануу боюнча жылдык иш планы каралып чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата жайыт пайдалануу боюнча иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет  3(үч) баракта).

 

2. Мындан ары жайыт пайдаланууга байланыштуу жылдык иш пландарды өз учурунда иштеп чыгып, бекитүү тууралуу сунуш берүү жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

У. Мелис уулу 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                               кеңешинин 29-апрель 2025-жылдагы

                                                                 кезексиз VII сессиясынын

                                                                             №7-2 токтомуна 1-тиркеме

 

 

 

  1. “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануунун 2025-жылга планы

 

№

Иш-чаралардын аталышы

Ким жооптуу

Өнөктөштөр

Аткаруу мөөнөтү

1

Жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо

“Ат-Башы Тазалык” МИ  жайыт адистери

АӨ

Февраль, март.

2

Жайытты башка максатта пайдалануучулардын тизмесин тактоо

“Ат-Башы Тазалык” МИ  жайыт адистери

АӨ

Февраль, март

3

Малдын санын тактоо

Айыл өкмөтү, МИ

жайыт адистери

Кварталдык

комитет

башчылары

Февраль, март, апрель

4

Кыркым пункту ишке киргизүү

Аймактагы жеке кой кыркуучу жарандар

 «Ат-Башы Тазалык» МИ

Апрель-Май

5

Көчүү, конуунун  алдында ветеринардык иштерди жүргүзүү

Жеке ветеринарлар

«Ат-Башы Тазалык» МИ

өз учурунда

6

Мал багуучулар менен биргелешкен отурум өткөрүү

Айыл өкмөтү

Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылынын тургундары

апрель

7

Малдарды жайытка көчүрүү

Жайыт адистери

АӨ

Апрель- Май

8

Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү

АӨ, МИ

кызматкерлери

АӨ, МИ

Июнь-июль

9

Жайыттарга малдын  жайыт башкаруу планына ылайык

жайгашуусуна көзөмөл кылуу

АӨ, “Ат-Башы Тазалык” МИ

Экотехинспекция

Июнь-июль

10

“Жайлоолорду өнүктүрүү борборун” жана “Жайлоо бала бакчасын”  уюштуруу

“Ат-Башы Тазалык” МИ

Бала бакчалар

Июнь-июль

11

Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландалган иш-чараларды аткаруу

“Ат-Башы Тазалык” МИ

АӨ, АРИС, ПРООН,

КЭМП Ала-Тоо, ЖК

Июль-август-сентябрь

12

Жайлоодон  күздөөлөргө көчүп-келүүнү уюштуруу, графиктерге көзөмөл

АӨ “Ат-Башы Тазалык” МИ

АӨ

октябрь

13

Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган малчылардын малын тактоо

“Ат-Башы Тазалык" МИ, жайыт адистери

АӨ

октябрь

14

Ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын аткарылышына көзөмөл

ЖтК

АӨ, МДСК тобу

дайыма

 

 

2 Иш-аракеттердин планы

Таблица  №2

Участок

Иш-чара

 

 

Аткаруу мөөнөтү

Иш-чаранын бюджети сом

Ким жооптуу

Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү планы

Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор

Жайыттарды абалын баалоо (мониторинг)

Ортонку, ички жайыт.

Май 2025-ж

1500

Жайыт адистери

Көк-Арт

Талаа-Булак

Жайыттардын абалын баалоо (Ак-Сай өрөөнү)

 

Июль 2025-ж

6000

Жайыт адистери

Малдын ден соолугун коргоо боюнча

Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор

Ветеринардык –профилактикалык иштерге көзөмөл кылуу.

дайыма

 

ветеринарлар

Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор

Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча буклет иштеп чыгуу, МДСК тобу менен биргеликте айыл тургундары менен иш алып баруу.

Май- июнь

1000

Г.Сураналиева. МДСК тобу

Мусуралиев Р

(АӨ адиси)

Ак-Сай өрөөнү

Боз-Жар

Кош-Караташ

Уч-Омпол

Малдарды ар кандай ылаңдардан коргоо максатта вакцинация өткөрүү, Боз-Жар участкасында малдарды купкалоо.

 

Август -сентябрь

 

 

6000

Айылдык ветврач

Ж.Нурмамбетов

А.Мураталиев.

 

Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу планы

Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү жайыттар

Көчмө кыркын пункт ишке киргизγγ (Айыл ичиндеги малдарды жана жайлоолорду кыдырып кыркуу иштери)

 март

 

А.Үтүров

З.Казаков.

Ак-Сай

Демонстрациялык участокту жакшыртып иштетγγ

 Июнь-июль

 

М.Усеков.

Ат-Башы айыл аймагы

Ички жайыт жолдорду ондоо (Кок-Жон жана Кара-Жон)

 Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоого жана Жаздоого кетүүчү жолдорду жана көпүрөлөрдү ондоо

 

 

Июнь-июль-

Август-Сентябрь.

 

 

 400 000

Жайыт адистери.Ат-Башы Тазалык” МИ

 

Малды кышкы тоюттандырууну жакшыртуу планы

Ат-Башы айыл аймагы

Которуштуруп айдоо боюнча тренинг

 Октябрь

2 000

Жайыт адистери

Ат-Башы айыл аймагы

Үрөн чарбалык жумуштарды ишке ашыруу тоют менен камсыз кылуу. Үрөн чарбалык база түзүү.

Жыл бою

20 000

 

 

 

 

Үрөн чарбалар, МИ