Редакцияот 29.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 29-апрели № 7-3

 

Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын

2025-жылга карата ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык 2025-жылга карата жайыт пайдалануу тартибин жөнгө салуу максатында өткөрүлгөн элдик жыйындын жыйынтыгына ылайык, сунушталган ички тартип эрежелери каралып чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 2025-жылга карата ички тартип эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тилкелет 2 (эки) баракта.)

 

2. Бекитилген ички тартип эрежелерин бардык жайыт пайдалануучуларга жеткирүү, түшүндүрүү жана аткарылышын камсыз кылуу жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасына тапшырылсын;

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

У. Мелис уулу 

 

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                               кеңешинин 29-апрель 2025-жылдагы

                                                                 кезексиз VII сессиясынын

         №7-3 токтомуна 1-тиркеме

 

 

Ат-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын 

2025-жылга карата ички тартип эрежелери

 

1.     Ат-Башы айыл аймагынын тургундары  жайыт акыга ар бир баш кой-эчкиге 20 (жыйырма) сомдон, бодо малга 100 (бир жүз) сомдон төлөсүн;

2.     Башка айыл өкмөттөрдүн жайыттарына малын жайып келген жарандарга эскертүү: Жайыт акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанциясын көрсөтүүгө милдеттүү, эгерде тиешелүү квитанция көрсөтүлбөсө, жайыт акысы Ат-Башы айыл аймагынын муниципалдык ишканасына төлөнүүгө тийиш;

3.     Кыргыз Республикасынын башка региондорунан келген жарандарга жайыт акысы келишимдин негизинде белгиленсин;

4.     Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №515 токтонунун талаптарына ылайык иш алып барылсын; 

5.     Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жайыт жерлеринин кыртышын бузууга жол берилбесин;

6.     Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 15 (он беш) сомдон акы алынсын;

7.     Келишим түзүлбөй жайыт жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн;

8.     Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көрсөтүлгөн көчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде айып акылар белгиленсин;

9.     Ички жайыттарга Ат-Башы, Ак-Жар айылдарынын тургундары үчүн  2025-жылдын   20-апрелинен калбай, Ача-Кайынды айылынын тургундары үчүн 2025-жылдын 1-майынан калбай көчүрүлсүн;

10. 2025-жылдын 1-майынан тартып жазгы айдап-себүү жана күзгү ооруп-жыюу мезгилине чейинки аралыкта айыл өкмөт, жайыт кызматкерлери, жер пайдалануучулар менен биргеликте корук уюштурулсун;

11. Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1(бир) баш уй жана мингенге1(бир)баш  атка уруксат берилсин;

12. Жайкысын ички жайыттардан бир да малчы калбай алыскы жайыттарга 2025-жылдын 20-майынан калбай Ак-Жар, Ат-Башы айылынын мал-жандыктары, 2025-жылдын 1-июнунан калбай Ача-Кайынды айылын мал-жандыктары көчүрүлсүн;

13. Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта ортоңку жана алыскы жайлоолорго көчпөстөн, малдары  айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлсүн;

14. Айыл өкмөтүнүн ички тартип эрежелерин бузуп, алыскы жайытка малын көчүрбөстөн корук учурунда камакка түшүп, тиешелүү актылар түзүлгөн малдар үчүн төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин;

     -1 баш бодо малга 1000 (бир миң)сом.

     -1 баш кой,эчкиге 100 (бир жүз)сом.

15. 2025-жылдагы мал багуу (бада) акысы бодо малдын бир башына төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:

-       Ача-Кайынды айылы үчүн - 800 (сегиз жүз) сом;

-       Ат-Башы жана Ак-Жар айылдары үчүн - 500 (беш жүз) сом.

-       Ат-Башы жана Ак-Жар айылдары боюнча мал багуучу аты айыл өкмөт тарабынан дайындалат.

16. Чабандардын мал багуудагы акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:

-       майда жандыктар үчүн – 100 (бир жүз) сом;

-       бодо мал үчүн – 600 (алты жүз) сом.

17. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жайыт жерлеринин айланасын тосууга тыюу салынсын;

18. Дыйкандардын оруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин жайлоодон көчүп келүүгө 2025-жылдын 1-октябрынан тартып уруксат берилсин;

Ушул ички тартип эрежелерин бузган жарандарга мыйзамга ылайык чара көрүү жагы Ат-Башы айыл аймагынын Аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.