Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/1
Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын сунушу жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III-сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап,
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы №37 “Кыргыз Республикасынын, салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүлөрдү киргизүү жөнүндө сунушун жетекчилике алып; Финасы, экономика, бюджет, эконмикалык жактан өнүүгүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция; туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Баш-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат.
1.Баш-Дөбө айыл аймагынын бюджетин колдоо максатында салык кодексинин 379 беренесине ылайык турак жай жана имараттары үчүн ставканы өлчөмү 1 чарчы метрне 10-сомдон кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| М.Тагайкулов |