Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-марты № 15
Участкалык шайлоо комиссиялардын резервин комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмесин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу" жобосун жетекчиликке алып, 2025-жылдын 14-мартындагы № 4 жана 2025-жылдын 26-мартындагы № 11 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын каттарынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-, 2-, 3-, 4-тиркемелерге ылайык участкалык шайлоо комиссиялардын резервин комплекттөө үчүн талапкерлердин тизмеси Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына берилсин.
2. Ушул токтом Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Б.Усеналиев |