Редакцияот 29.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 29-апрели № 7-4

 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инклюзивдик атайын мамлекеттик майып балдар бакчасын ачып берүү тууралуу “Ак-Байрак” майып балдар борборунун жазган өтүнүч катын кароо жөнүндө

 

            Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 27-беренесине ылайык, ошондой эле “Ак-Байрак” майып балдар борборунун арызынын негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик атайын мамлекеттик бала бакча ачуу маселесин кароо зарылдыгы жаралгандан улам, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     “Ак-Байрак” майып балдар борборунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн  инклюзивдик атайын мамлекеттик бала бакча ачуу тууралуу арызы каралсын;

2.     Бул маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана негиздүү чечим кабыл алуу үчүн айылдык кенештин депутаттарынан турган убактылуу комиссия түзүлсүн;

3.     Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирсин:

Комиссиянын төрагасы:депутат Н. Шаякматов

Комиссиянын мүчөлөрү:депутаттар Б. Омокоев, А. Муканмет уулу,

Ы. Мөндүрбаева, М.Мамыралиев, А. Алымбекова,

М. Сейитказиева, Д. Албанова, Т. Замирбеков,

Ат-Башы райондук билим берүү борборунун,

Ат-Башы райондук социалдык коргоо

 башкармалыгынын, Ат-Башы райондук ЖДПБнун

 өкүлдөрү (макулдашуу жолу менен)

4.     Комиссияга  төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:

·       “Ак-Байрак” майып балдар борборунун, А. Курманалиев атындагы бала бакчанын жана депутат Ы. Мөндүрбаеванын сунуштарын терең талдоо;

·       Иштеп жаткан мыйзамдарга, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө жана социалдык керектөөлөргө жараша өзүнчө корутунду даярдоо;

·       Аталган демилгени ишке ашыруунун укуктук жана каржылык жагын иликтөө;

·       Кеңешке сунуш киргизүү үчүн 30 календарлык күндүн ичинде жыйынтык берүү.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

У. Мелис уулу