Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/3
Райимжанов Шухратжон Арабидиновичтин арызы жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын тургуну Райимжанов Шухратжон Арабидиновичтин арызы боюнча, Кош-Коргон айылынын Р.Юлдашев көчөсүндө жайгашкан 0-06-02-1003-0034 сандуу инденфикациялык коду менен өзүнүн атына катталган турак жайында, азыктүүлүк дүкөнүн ачууга байланыштуу керектелүүчү бөлүгүн коммерциялык багытка өзгөртүүгө туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде талкуулап, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнун бюджетин колдоо максатында Райимжанов Шухратжон Арабидиновичтин Кош-Коргон айылынын Р.Юлдашев көчөсүндө жайгашкан 0-06-02-1003-0034 сандуу инденфикациялык коду менен өзүнүн атына катталган турак жайынын багыты азыктүүлүк дүкөнүн ачуу үчүн коммерциялык багытка өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Тагайкулов |