Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/5
Шавкатбек уулу Исламбектин арызы жөнүндө
Өзгөн шаарынын Шавкатбек уулу Исламбектин Баш-Дөбө айылдык кеңешине 15.01.2025-жылы жазган Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 12.12.2024-жылдагы № 01-537 сандуу жана Ош электр тармактары ишканасынын 23.05.2024 №28/821 сандуу билдирүүүсүн карап Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 садуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка-Кемин” аба чубалгысы өткөн башка план боюнча коргоо зонасындагы 10900 квм жер аянтын айыл өкмөтүнүн бюджетин көттөрүү максатында, мыйзамдардын талабын сактоо менен көрктөндүрүүгө жогорудагы атуулдарга келишим түзүү жолу менен келишимге берүүгө,туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 сандуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка_Кемин” аба чубалгысы өткөн башкы план боюнча коргоо зонасындагы 10900 кмв жер аянтын Шавкатбек уулу Исламбекке бийиктиги 5(беш) метрден ашраган бак-дарак отургузуп, көрктөндүрүүгөт берүүгө, айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Тагайкулов |