Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/6
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы жер тилкесин аукционго коюу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя участкасындагы айыл чарба багытындагы 0,43га жер тилкесинин мурдагы ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 21.02.2020-жылындагы 30-01-09 санындагы катында аталган жер тилкеси Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн келишими менен көрсөтүлгөндүктөн жана айылдык кеңештин жер,агрардык маселери жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын кароосу негизинде, Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя участкасындагы айыл чарба багытындагы 0,43га жер тилкеси мурдагы ижара мөөнөтү бүткөндүктөн, аукционго кайрадан коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Тагайкулов |