Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кенешинин VIII-чакырылылыштын III-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 3/7
Абдырахманов Хасанбайдын арызы жөнүндө
Өзгөн шаарынын тургуну Абдырахманов Хасанбайдын Баш-Дөбө айылдык кеңешине 15.01.2025-жыдагы жазган арызын карап, Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 12.12.2024-жылдагы№01-537 сандуу жана Ош электр тармактары ишканасынын 23.05.2024 №28/821 сандуу билдирүүсүн карап Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 сандуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка-Кемин” аба чубалгысы өткөн башкы план боюнча коргоо зонасындагы 10900квм жер тилкесин айыл өкмөтүнүн бюджетин көттөрүү максатында, мыйзамдардын талабын сактоо менен көрктөндүрүүгө жогорудагы атуулга келишим түзүү жолу менен келишимге берүүгө, айылдык кеңештин жер, агрардык, туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн №938 сандуу контурундагы турак жай салуу үчүн берилген жер тилкелеринин арасындагы “Датка-Кемин” аба чубалгысы өткөн башкы план боюнча коргоо зонасындагы 10900 квм жер тилкесин Абдырахманов Хасанбайга бийиктиги 5(беш) метрден ашпаган бак-дарак отургузуп, көрктөндүрүүгө берүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, агрардык, маселелер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| М.Тагайкулов |