Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын IV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 4/2
Баш-Дөбө айылдык өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя суусунун жээгиндеги Суу фондусунун жэрлеринен ижарага жер бөрүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара-Дарыя суусунун жээгиндеги Суу фондусунун жерлеринен Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясына (ГИК) көп кабаттуу турак жай батир салуу үчүн жана калкты турак жай менен камсыз кылуу максатындагы “Аман-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 11.03.2025-жылдагы №01-5/551сандуу кортундусун карап, Суу фондусунун жерлеринен имжарага жер ажыратып берүү боюнча Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.“Аман-Таш” жоопкерчилиги чектелген коомуна айыл өкмөтүнүн аймагынын Кара-Дарыя суусунун жээгиндеги Суу фондусунун жерлеринен жалпы 1,20 га жер аянты таш кесүүчү цех орнотуу үчүн женил конструкция курууга 6 (алты) жылдык мөөнөт менен ижарага түз берүүгө макулдук берилсин.
2.Ижарага берилүүчү 1.20 га жер аянтын бөлүп берүү жана ижара келишим түзүү жагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык жер суу, курулуш, өнөр жай, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Тагайкулов |