Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 5
Кара-Суу финансы башкармалыгынын 2024-жылдын 21-октябрындагы № 01/313 маалым катын аткаруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 10 –августундаг “Билим берүү жɵнүндɵ” 179-мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жɵнүндɵ” №532 токтомунун негизинде Кара-Суу финансы башкармалыгынын 2024-жылдын 21-октябрындагы № 01/313 маалым каты нын негизинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы табиялануучулардын тамак-ашы үчүн взностук тɵлɵмдүн баасын 1500 (бир жарым миӊ) сомго кɵтɵрүү максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу 9 мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тарбиялануучулардын тамак-ашы үчүн взностук тɵлɵмүн ар бир айга 1500 ( бир жарым миӊ) сомго кɵтɵрүүгɵ макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3 Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл аймагынын айылдык кенешинин Бюджет, экономика жана укук, коомдук тартип мыйзамдуулук жана административдик иштер туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |