Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 6
Отуз-Адыр айыл аймагынын калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жɵнүндɵ
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жѳнүндѳ” токтомунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 34-беренесине жана Жер Кодексинин 3-главасынын 16-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагындагы ички арыктарды жана негизги жолдун жээгиндеги арыктарды тазалоодо, ички жолдорду кеӊейтүүдɵ, айылдарга таза суу тартууда тоскоолдук жараткан, айылдардын, жолдордун, кɵчɵлɵрдүн кɵркүн бузган чаржайып ɵскɵн, эскилиги жеткен, кургап чирип калган тал-терек, мɵмɵлүү бак дарактарды, тыттарды алып салуу максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү ички арыктарды жана негизги жолдун жээгиндеги арыктарды тазалоодо, ички жолдорду кеӊейтүүдɵ, айылдарга таза суу тартууда тоскоолдук жараткан, айылдардын, жолдордун, кɵчɵлɵрдүн кɵркүн бузган чаржайып ɵскɵн, эскилиги жеткен, кургап чирип калган тал терек, мɵмɵлүү бак дарактарды, тыттарды алып салуу үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3 Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл аймагынын айылдык кенешинин укук, коомдук тартип. мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн. (А.Беделов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |