Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 7
Жайыт жерлерди жана мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык, жакынкы жайыт жерлерин убактылуу коммерциалык багытка ижара акысын карап берүү максатында Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга аткарылуучу жумуштарына сарпталуучу чыгымдарынын сметасын бекитүүгɵ макулдук берилсин.
2. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жайыт тɵлɵмдɵрүнүн тарифи
1 баш кара малга -180 сом
1 баш кой-эчки үчүн -40 сом
1 баш жылкы үчүн -200 сом
Алай районундагы кɵп жылдык пайдаланууга берилген жайытка чыккан чабандар үчүн
1 баш жылкыга -70 сом
1 баш кара малга – 70 сом
1 баш кой-эчкиге – 35 сом
Жогоруда кɵрсɵтүлгɵн тариф жактырылсын.
3. Жайытты мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жɵнүндɵ кодексинин беренелеринин негизинде жоопкерчиликке тартылат.
4 . Ушул токтомдун аткарылышын Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Тарифтер боюнча кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊештин агрардык жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Жусупов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |