Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 9
“Отуз-Адыр –Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын тɵлɵм тарифин кɵтɵрүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 31-беренесинин 14 пунктуна ылайык “Отуз-Адыр–Таза-Суу“ муниципалдык ишканасынын тɵлɵм тарифин кɵтɵрүү боюнча Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Отуз-Адыр –Таза-Суу“ муниципалдык ишканасынын тɵлɵм тарифин Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн айылдарындагы таза суу пайдалануучулардын үйүндɵ таза суу бар жарандар үчүн 150 сом, ташып ичүүчүлɵр үчүн 70 сомго кɵтɵрүүгɵ макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенешинин бюджет, экономика жана укук, коомдук тартип. мыйзамдуулук жана административдик иштер туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |
“Отуз-Адыр таза-суу” муниципалдык иш канасынын ичүүчү таза суу тарифи жөнүндө
| Кожолук | Тариф | Бир айда | Бир жылда |
1.Көчөдөн крант пай-дар | 1105 | 70 | 55.250 | 663.000 |
2.Эшик алдында крант пайдалануучулар | 767 | 150 | 76.700 | 920.400 |
“Отуз-Адыр таза-суу” МИ-н жетекчиси Б.Абсатаров