Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 12
Жер аянттарын айыл чарба жерлер категориясынан ѳндүрүштүк жерлер категориясына которуу жѳнүндѳ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык аймагына караштуу Ак-Колот (Тойчу) айылындагы № 913 контурундагы 1,40 га сугат жер аянтын социалдык обьект мектеп куруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган № 45 Жер Кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык аймагына караштуу Ак-Колот (Тойчу) айылындагы № 913 контурундагы 1,40 га сугат жер аянтын мектеп куруу үчүн айыл чарба багытынан социалдык обьект калктуу конуш багытына которууга (тарнсформациялоо) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |