Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы
2024-жылдын 20-декабры № 4/1
Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралуучу бюджетинин эсебинен, социалдык обьектилерди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка өздүк салымга каралуучу
акча каражатынын бөлүштүрүлүшүн карап чыгуу жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин №73 Токтогул атындагы мектебинин эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн, Жоош айыл өкмөтүнүн тарыхый музейинин ички бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү , Мамажан айылындагы «Акылман бөбөк» балдар бакчасынын дубалын, полдорун,шыптарын,электр чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүү учун дем беруучу грантка проект жазылып бүткөндүгү жонундогу билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезексиз 4 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралуучу бюджетинен, Кум-Арык айылындагы №73Токтогул атындагы мектебинин эшик терезелерин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2128442 сом, Кум-Арык айылындагы, Жоош айыл өкмөтүнүн тарыхый музейинин ички бөлүгүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 317386сом , Мамажан айылындагы «Акылман бөбөк» балдар бакчасынын дубалын, полдорун,шыптарын,электр чубалгыларын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 1899322сом, жалпысы 4345150 сом дем беруучу гранттан берилуучу акча каражатын колдоо учун ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жоош айылдык кенешинин төрагасы: |
| А.Л.Зулпукаров |