Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/2
«Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»
Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мурадыл уулу Нуркадырдын 2025-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги боюнча билдирүүсүн жана бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар туруктуу комиссияга, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 64561,4 миң сом (анын ичинен 15768,0 мин сом атайын каражат) өлчөмүндө алымча, кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 35, анын ичинен айыл башчылар 9, контракттык негиздеги кызматкерлер-8, тейлөө кызматкерлери 5, башкы адис, жетектөөчү адис жана адис – 13 штат бирдиги. Маданият кызматкерлери 14 штат анын ичинен 6 маданият кызматкери, тейлөө кызматкерлери 8 штат бирдиги, айылдык кенеш 3 штат бирдиги өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соцфонд, дары-дармек, тамак-ашка чегерүү) каржылануусу белгиленсин
4. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
6.Жоош айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча 6 айдын жана жылдын жыйынтыгы менен Жоош айылдык Кеңешинин сессияларында каралсын.
7. Жоош айыл өкмөтүнүн кассадагы акча жүгүртүүсү 10,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
8.Жоош айыл өкмөтүнүн 2026-жылга 66692,6 мин сом, ал эми 2027-жылга 68276,6 мин сом өлчөмүндө түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин.
9. Жайыт комитетинин бир жылдык бюджети 350,0 мин сом эсебинде бекитилсин жана анын чыгашасынын 266,3 мин сому же 3/2 болугу келишимдин негизинде чыгымдалсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Л.Зулпукаров |