Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-декабры № 10
Түп айыл аймагынын 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) кабыл алуу жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин
2.3-пунктун жетекчиликке алып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын II – cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын 2024 – 2029-жылдарга өзгөртүү жана
толуктоолору менен иштелип чыккан инклюзивдүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы (СЭӨП) кабыл алынсын жана бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Түп айылдык
кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Түп айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.