Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 245
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин, кызмат ордуна дайындоодо, ошондой эле офицердик курамды жана прапорщиктерди которууда аскер кызматчыларына карата талаптарды белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алсын, аны милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган акча каражаттарынын жана бекитилген штаттык бирдиктеринин чегинде ишке ашырылат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 21-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 659 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 337 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-декабрындагы № 651 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 “Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө” токтомунун 6-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 “Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө маселелерине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 454 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын аскердик кызматты өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 “Аскер кызматын өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 210 “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
18) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 386 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
19) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев