Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-февралы №37
“Түп айыл аймагында катуу таштанды калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлу № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышы токтом кылат:
1. Түп айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы №17
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
· “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө
кодексинин 74-75-беренелерине жана 76-беренесинин 1-пунктуна ылайык:
- биринчи пунктуна “Түп айыл аймагындагы, жеке ишкердик үчүн багытталбаган турак жайлардын ээлерине, ар бир катталган жаран үчүн катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жыйым өлчөмү 24 сом менен бекитилсин.
- ар жыл сайын жыйымдардын тийиштүү эсептөөлөрүн жүргүзүү жана төлөө убактысы учурдагы жылдын 1-апрелинен кечиктирилбесин” деген өзгөртүү киргизилсин.
· Үчүнчү пункт менен “Түп айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №170-токтомунун 4-пункту жокко чыгарылсын” деп толукталсын.
2. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына,
көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеӊешинин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.