Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/5
Ар түрдүү маселелер (Большевик, Маданият,Калинин айылдарынын тургундарынын, көчөлөргө ат коюу боюнча арыздарын кароо жөнүндө)
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун Большевик,Маданият,Калинин айылдарынын тургундарынын көчөлөргө, Большевик айылындагы музейге,маданият үйүнө ат коюу боюнча арыздарын жана жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 5-сессиясы:
токтом кылат
1. Большевик айылынын төрт этаждуу корпустун артындагы туура көчөгө Джоошбеков Рысбай Шадиевичтин аты берилсин.
2.Маданият айылындагы туура көчөлөрдүн бирине Каримов Токторбайдын, экинчисине Маразыков Камчынын аты берилсин.
3.Калинин айылындагы туура көчөлөрдүн бирине Турдубеков Токтордун аты берилсин.
4. Большевик айылындагы теплицадагы 2-көчөгө Тагаев Каримдин аты коюлгандыктан ал көчөгө анын алып салып анын ордуна Зулпуев Барпынын атын коюуга мүмкүн эместиги белгиленсин.
5. Большевик айылынын маданият үйүнө Токтосунов Калыктын, музейге Жолдошов Сыдыктын аты берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жаштар иштери, спорт, социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо жана маданият боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Л.Зулпукаров |